Ссылки доступа

Таласта дарыгер борбордон хирургдун келишин күтүп, 8 саат бейтаптын венасын кармап турган


Талас облусунун Бакай-Ата аймактык ооруканасынын хирургу венасына бычак урулган бейтаптын жаратын басып, 8 саат бою кармап турган.

Облустук дарыгер Марип Ибраимов Бишкектен кан тамыр хирургу Жунус Акышовдун келишин күткөн. Бейтап аман калган. Бул тууралуу Фейсбукка жаш дарыгер Элзар Токтоназаров жазды.

Бакай-Ата аймактык ооруканасына 21-февраль кечки саат 20:00дө бычак жараты менен оор абалда 30 жаштагы жаран келип түшкөн. Аны операцияга даярдашкан. Санавиация аркылуу Бишкектен кан тамыр хирургу чакыртылган. Ал 22-февралда таңкы саат 04:00дө келип, операцияны ийгиликтүү жасаган.

Хирургдун маалыматы боюнча бейтаптын абалы туруктуу. Ал мас абалында мушташып, бычак жеген.

XS
SM
MD
LG