Тажикстан ИИМинин маалыматы боюнча Гүлистон шаарында жашаган 40 жаштагы Мирзо Алимов 24-февраль күнү ажатканага чыгып келүү үчүн суранып, прокуратуранын сурагынан качып кеткен.
Шектүү издөө операциясынын алкагында Худжанддагы базарлардын биринин аймагында маршурттук таксиде кармалган. Учурда ал камакта.
Зордуктоого шектелип жаткан кишиге карата кызы соттук медициналык экспертизадан өткөндөн кийин айып тагылат. Өз булактар маалымдагандай, бул факт өспүрүм кыздын боюна бүтүп, апасы аны ооруканага алып барганда белгилүү болгон.