Ссылки доступа

Өзбек ырчылары Мирзиёевдин сапарынын алкагында Душанбеде концерт беришет


Фаррух Закиров

Тажикстан жана Өзбекстандын өнөр адамдарынын “Достук кечеси” концерти Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Душанбедеги сапарынын алкагында өтөт. Өзбек лидеринин мамлекеттик сапары марттын башына белгиленген.

«Ялла» тобунун жетечиси Фаррух Закиров билдиргендей, концертке Юлдуз Усманова, Шерали Джураев жана Озодбек Назарбеков да чакырылган.

- Бул өтө жакшы демилге. Биздин эл эзелтеден достук мамиледе жана көп окшоштуктарыбыз бар. Акыркы мезгилде эки өлкө өкмөттөрү мамилелерди жакшыртуу үчүн көп аракет жасады. Маселен, 24-февралда Өзбекстан жана Тажикстан премьер-министрлери Ферганада пайдалуу кеңешмелерди өткөрүштү. Биздин президент бардык коңшулар менен мамилелерди жөнгө салуу керектигин айткан, - деди Фаррух Закиров.

Ырчынын айтымында, сапарга даярдык көрүү өкмөткө жүктөлгөн. Бардык иш мамлекет башчынын жеке көзөмөлүнө алынган. “Биз, артисттер, эки өлкө ортосундагы мамиленин жакшырышына салым кошуп жатканыбызга сыймыктанабыз. Артисттер тынчтыктын элчиси эмеспи. Мен Душанбени абдан сагындым. Ал абдан кооз шаар. Мен тажик аткаруучулары менен бирге берген концерттерди азыркыга чейин эстейм”, - деп кошумчалады Закиров.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 2000-жылы Фаррух Закиров менен Мардон Мавлоновго “Тажикстандын Эл артисти” наамын ыйгарган.

XS
SM
MD
LG