Ссылки доступа

Өзгөн: Мечиттеги бычакташуунун себеби иликтенүүдө


Өзгөн районундагы мечитте аср намазы учурунда мурунку имам бычакталды. Бул тууралуу бүгүн Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, окуя 26-февралда болгон. Кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Милициянын баштапкы текшерүүлөрүнүн жыйынтыгында мечиттеги чатак "зекеттен чогулган акчаны жеп койгонсуң" деген дооматтан улам чыккан.

Аср намазына келген 40 жана 64 жаштагы эки киши мушташа кеткен. 64 жаштагы жаран бычагын алып чыгып шилтеп жиберген.

Окуя Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагынын Красный Маяк айылындагы мечитте болгон.

Ош облусунун казысы Самидин Атабаев бычакташкандар имамдык кызматка тиешеси жок экенин жана алардын бири мурда абакта камалып чыкканын билдирди. Ал эми мушташка себеп болгон талаштын зекетке тиешеси жок экенин айтты.

Учурда бычакталган жаран Ош облустук ооруканасында дарыланууда.

XS
SM
MD
LG