Ссылки доступа

Анжиянда жеке турак-жайда газ жарылып, 10 жаштагы бала катуу күйүк алды


Иллюстративное фото.
Иллюстративное фото.

Анжиян шаарындагы жеке турак-жайлардын биринде газ жарылып, 10 жаштагы баланын денесинин 65 пайызы күйүп калды. Ал оор абалда ооруканага жеткирилди. Үйдүн кожоюндары кышкысын газ үзгүлтүк менен берилерин айтышты.

Жеке турак-жайдагы жарылуу дүйшөмбүдө катталган. Окуяга газдын жылжып чыгышы себеп болгон.

– Учурда газ жана электр энергиясын үзгүлтүккө учуратып беришүүдө. Газ ачык калыптыр. Бала кокустан жарыкты күйгүзүп жиберген, ошол маалда газ жарылган. Ал күнү баладан башка үйдө эч ким жок болчу. Анын аты Абдулазиз. Аны оор абалда ооруканага алып кетишти , – деди жарылуу болгон үйдүн кожоюндарынын кошунасы.

Анжиян медициналык бирикемесинин кызматкери 10 жаштагы Абдулазиздин денесинин 65 пайызы күйүп калганын билдирди. Учурда анын өмүрүн сактап калуу аракети көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG