Ссылки доступа

АӨБ Тажикстанды баалуу кагаздарды сатуу аркылуу каражат табууга кызыкпоого чакырды


Тажик өкмөтү мамлекеттик баалуу кагаздарды (евробонддорду) соодалоо аркылуу тапкан каражатты кайтарууда кыйынчылыкка туш болушу ыктымал. Бул тууралуу 28-февралда Душанбеде өткөн маалымат жыйында Азия өнүктүрүү банкынын Тажикстандагы туруктуу өкүлү Прадип Сривастава билдирди.

Анын айтымында, насыя Тажикстанга өтө жогорку — 7,2 үстөк пайыз менен берилген. «Бул деген өлкө жыл сайын пайызы боюнча гана 35 миллион доллар төлөп берип турушу керек дегенди билдирет», — деди Азия өнүктүрүү банкынын Тажикстандагы өкүлү.

Өткөн жылы сентябрда өлкөнүн Улуттук банкы эл аралык каржы базарында мамлекеттик баалуу кагаздар (евробонддор) ийгиликтүү сатыла баштаганын билдирген. Алар Рогун ГЭСинин курулушуна каражат тартуу үчүн 500 миллион долларлык баа менен сатыкка коюлган.

Тажикстандын баалуу кагаздарынын бет ачары былтыр 28-августтан 8-сентябрга чейин төрт шаарда — Лондондо, Цюрихте, Нью-Йоркто жана Бостондо болгон. Өлкөнүн Улуттук банкынын маалыматы боюнча, баалуу кагаздардын 38% АКШнын, 24% Улуу Британиянын, 35% Европа биримдигинин жана 3% Азиянын инвесторлору сатып алышкан. Евробонддор боюнча купондордун кирешелүүлүгү жылына 7,125% түзөт.

Бир канча күн мурда тажик Улуттук банкынын башчысы Жамшед Нурмухаммадзода өлкө эл аралык каржы базарларына мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу практикасын уланта турганын билдирген. «Ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдөн кийин Тажикстандын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алуу боюнча инвесторлордун кайрылуусу көбөйүп, сунушталган сумма 4,5 миллиард АКШ долларына чейин жетти», - деген төрага.

Прадип Сривастава жакынкы убактарда тажик өкмөтү эл аралык каржы институттарынан насыя алуусу кыйын болорун, бирок өлкө гранттык негизде каражат алууга укуктуу экенин белгилди. Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңеши Тажикстанга кайтарымсыз негизде гана каражат берүү зарыл деген чечимге келди. Быйыл банк өлкөгө 150 миллион доллар берүүнү караштырып жатат.

XS
SM
MD
LG