Президент Гани мындай сунушун 28-февралда Кабул жараянына катышкан өлкөлөрдүн конференциясында билдирген. Гани мындан тышкары камактагы талиптерди бошотууну, санкцияны жокко чыгарууну жана “Талибан” кыймылын легитимдүү саясий уюм катары таанууну демилгелеген.
Конференциянын катышуучулары талиптерди “зомбулукту токтотууга” жана Кабул өкмөтү менен түз сүйлөшүү аркылуу максатка жетүүгө чакырышкан.
"Тынчтык келишим анын бардык катышуучулары үчүн жеңиш, жеңилгендер болобойт", — деп айтылат билдирүүдө. БУУнун Ооганстандагы миссиясы Ганинин сунушун кубаттаган.
"Талибан" кыймылы бул боюнча дароо реакциясын билдирген жок. Бирок анын өкүлү Reuters агенттигине жетекчилик бул сунушту иликтеп жатканын айткан.
28-февралда DPA агенттиги “Талибандын” сайттарынын биринде бул сунушту салкын кабыл алган билдирүү жарыяланганын маалымдады. Билдирүүдө Ооганстанда чет өлкөлүк куралдуу күчтөр турганда сүйлөшүүлөр жемиштүү болбой турганы айтылган.