Ссылки доступа

Казакстанда жол кырсыгынан дагы алты өзбекстандык мерт болду (видео)


Казакстандын Мангистау облусундагы трассада жол кырсыгынын кесепетинен 1-мартта Өзбекстандын алты жараны мерт болду.

Өзбекстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, жеңил жана жүк ташуучу унаа 1-март күнү эртең менен Сай-Утес айылына жакын Актау-Бейнеу жолунда кагылышкан.

Ички иштер министрлигинин облустук департаментинин маалыматы боюнча жеңил унаадагы жети кишинин баары өлгөн, алардын алтоо өзбек жарандары болгон.

Полиция “Жол кыймылынын эрежесин бузуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-мартта каза болгондордун аты-жөндөрүн болжолдуу түрдө жарыялады.

Акыркы эки айдан бери Казакстан аймагында бир нече өзбекстандык жол кырсыгынын мерт болду.

XS
SM
MD
LG