28-февралда Ашхабаддын мамлекеттин көзөмөлүндөгү дүкөндөрүндө товар сатып алууга жаңы чектөөлөр киргизилди. Ага ылайык, бир кишиге 1 килограммдан ашпаган ун жана жарым килограммдан ашпаган шекер сатылууда. Буга чейин бир адамга 5 килограмм ун жана 1 килограмм шекер сатылып келген.
Ашхабад тургундарынын айтымдарында, дүкөндөрдө азык-түлүктүн ун, шекер жана өсүмдүк майы өңдүү түрлөрү 1-2 сааттын ичинде эле түгөнүп, кезек күткөндөр тез эле көбөйүп кетүүдө.
Акыркы бир нече айдан бери Түркмөнстанда ун тартыштыгы байкалууда. 24-февралда Дашөгүз облусундагы дүкөндөрдө үй-бүлөнүн ар бир чоң мүчөсүнө айына 5 килограммдан ашык эмес ун сатылып, ошол маалда жашы жете элек балдардын эсепке алынбай калып жатканы кабарланган.