Ссылки доступа

Тажикстанда Шавкат Мирзиёевди 12 миң окуучу тосуп алат


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен Тажикстанга барганда аны 12 миңге жакын мектеп окуучусу жана студенттер тосуп алышат. Өзбек лидеринин Душанбеге расмий сапары 9-мартка белгиленүүдө.

Маалыматка караганда, учурда студенттер менен окуучулардын катышуусунда өзбек делегациясын тосуп алууга даярдыктар көрүлүүдө.

Ага катышып жаткан студенттердин биринин айтымында, ал күнү балдар костюм-шым кийип, жагоо тагынышат, кыздар болсо улуттук кийим кийишет.

«Даярдык иштери билим берүү жана илим министринин көзөмөлүндө жүрүүдө. План боюнча, колдоруна желектерди кармаган балдар жолдун эки тарабына үч катардан тизилип, Өзбекстандын президентин «Кош келиңиз!» деген сөздөр менен тосуп алышат», - деди ал.

XS
SM
MD
LG