1-мартта Казакстандын Мангистау облусундагы «Актау-Бейнеу» трассасында жеңил унаа менен жүк унаасы кагылышып, жыйынтыгында жети киши мерт болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза тапкандардын болжолдуу тизмесин 2-мартта жарыялаган. Анда Өзбекстандын алты жаранынын аты жазылган. 4-мартта тизмеге дагы бир өзбекстандык кошулган.
Казакстанда бул жол кырсыгына байланыштуу «Жол кыймыл эрежелерин бузуу» беренеси боюнча тергөө иштери башталды.
Кийинчерээк Youtube видеопорталында кырсыктан кийин күйүп жаткан автоунаанын тасмасы чыккан.
Акыркы эки айдан бери Казакстандын аймагындагы жол кырсыктарынан бир нече өзбекстандык каза болгон.