Ссылки доступа

Журналист Бобомурод Абдуллаевдин сот иши 7-мартка которулду


Журналист Бобомурод Абдуллаев.
Журналист Бобомурод Абдуллаев.

Журналист Бобомурод Абдуллаев, блогер Хаёт Насреддинов жана ишкерлер Равшан Салаев менен Шавкат Оллоеровдин соттук иши 5-марттан 7- мартта которулду.

Ташкенттик журналист Абдурахман Ташанов шаардык сотто өтө турган жаряндын мөөнөтү эмне себептен башка күнгө которулганы беймаалым экенин билдирди.

44 жаштагы Абдуллаев “бийликти тартып алуу жана конституциялык түзүмдү кулатуу үчүн кутумга барган” деп айыпталууда. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Тергөөнүн маалыматы боюнча Абдуллаев Усман Хакназаров деген жашыруун ат менен бозгундагы оппозициячыл саясатчы Мухаммед Салихтин сайтына макалаларды даярдап турган.

Блогер жана экономика мугалими Хаетхан Насреддинов былтыр октябрда кармалган. Ал да сабак берип, банк системасы боюнча сын макалаларды жазып турган.

Ишкерлер Равшан Салаев менен Шавкат Оллоеров 2017-жылы 29-сентябрда кармалган. Атайын кызматтын версиясы боюнча алар бийликтеги кырдаал тууралуу УККнын кызматкерлери аркылуу Абдуллаевге маалымат берип турушкан.

Буга чейин укук коргоочу Икрамов тергөө учурунда бардык шектүүлөргө карата кыйноо колдонулганын билдирген.

XS
SM
MD
LG