Маалыматтарга караганда, тараптар билим берүү багытында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты. Аль-Хузейми фонд быйыл Кыргызстанга 100 миң доллар өлчөмүндө грант берүүнү чечкенин билдирди.
Ислам тилектештик фонду 2005-жылы Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитинен кийин түзүлгөн. Ал Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу аркылуу жакырчылыкты азайтуу, өлкөлөрдүн өндүрүш дараметтерин кеңейтүү, сабатсыздыкты жоюу жана кургак учук, безгек, ВИЧ ооруларына каршы күрөшүү багытында иш алып барат.
Ислам тилектештик фонду буга чейин дагы Кыргызстанга насыяларды жана кайтарымсыз жардамдарды берип келген.