Ссылки доступа

Түркмөнстанда ун тартыштыгына байланыштуу калк арасында жаңжалдар чыгууда


Түркмөнстандын Мары облусунда ун тартыштыгына байланыштуу калк арасында жаңжалдар болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактагы өз булактары кабарлашты.

Маалыматка караганда, облустагы райондордун биринде көчөгө чыккан аялдар ундун бардыгына бирдей бөлүштүрүлүшүн талап кылып, жол тосушкан. Мындан соң алардын талабы толук канааттандырылган.

«Андан тышкары айылдык дүкөндө ун жок калганына ишенбеген кезек күткөн адамдар айыл башчысын сабап, кампага кирип барышкан. Андагы унду ар бири бир каптан бөлүшүп алышты», - деди булак.

Ал ортодо аймактарга жеткирилген ун калкка толук сатылбай жатканы кабарланууда. Булактын айтымында, дүкөн ээлери менен айыл башчылары анын бир бөлүгүн сактап коюп, кийин мамлекет тарабынан белгиленген баадан кымбат сатышкан.

Түркмөнстанда декабрдын башынан бери ун тартыштыгы жаралып, анын баасы бир кыйла көтөрүлгөн.

Давка в очереди за отрубями в Дашогузе
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00
XS
SM
MD
LG