Ссылки доступа

Казакстанда пенсионерлер бекер берилчү азык-түлүк үчүн кезек күтүшүүдө (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Чаткал: курулбай жатып бузулган көпүрөлөр. (Директтен видео) ​

- "Эже-сиңди": жыныстык тарбия уят эмес. Өспүрүмдөргө жыныстык тарбия берүү зарылбы? Айрыкча кыздар эне болууга даярбы? Окуучулар репродуктивдүү саламаттык тууралуу маалыматты кайдан алышы керек? "Эже-сиңдилер" берүүсүнүн бул жолку баарлашуусун ушул темага арнайбыз. (Директтен видео)

- Стамбулдагы ак калпак майрамы. (Директтен видео)

- Донбасска гуманитардык жардам жеткирген ыктыярчы. Ыктыярчы Алена Шевцова согуштук аракеттер башталгандан бери украин армиясына жардам берип келет. Жакында ал Донбасска гуманитардык жардам жеткирип барат, андан чыгып аскерлердин даттанууларын коргоо министрине жеткирет.(Директтен видео)

- Пенсионерлер бекер берилчү азык-түлүк үчүн кезек күтүшүүдө. «Алма-Ата» аялдар клубунун активисттери пенсионерлерге 100дөн ашык бөлкө нан бекер таркатышууда. Кээ бирде азык-түлүк да беришет. (Казакстандан видео)

- Баткактан улам ат менен жүргөн жашоочулар. Кызылордонун эки көчөсүнүн тургундары жолдун начардыгына даттанышууда. Жаандан кийинки баткакта жөө баса албаган жергиликтүүлөр ат минип жүрүүгө аргасыз. (Казакстандан видео)

- Крымдын апта ичиндеги көрүнүктүү сүрөттөрү. (сүрөт баян)

- Вера Сибиреванын «Боорукер жомоктору» китеп түрүндө басылып чыгат. 88 жаштагы Вера Сибирева суукка карабастан жомокторун сатып жүргөндүгү тууралуу Настоящее Времянын сюжетинен кийин элге таанылган. Мындай жол менен ал небересине акча табууга аракет кылган. (Настоящее время)

- 5 күн орус газы жок жашаган Украинада эмне өзгөрдү? (видео Директ)

- Миңдеген адам атайын кызматтагыларды көзөмөлдөө боюнча комитет башчысынын отставкасын талап кылып көчөгө чыгышты. Мындан кийин алардын талабы аткарылды. Чехияда атайын кызматтын орусиячыл көз караштагы мурдагы кызматкери атайын кызматтын ишмердүүлүгүн иликтеген парламенттик комитеттин башчысы болгон. (Настоящее время)

- Жер Ортолук деңизде 70тен ашык мигрант куткарылды. (видео)

- "Голос" видеобайкоочуларды даярдоодо. "Голос" кыймылы «Жандуу шайлоого баруу» деп аталган жаңы долбоорду ишке киргизди. (Директтен видео)

- Орусияда талапкерлер дебаттардын жаңы форматы тууралуу бир пикирге келе алышкан жок. (Директтен видео)

- Цирктен Крымга: орангутандын баласын кантип кабыл алышты?(Директтен видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG