Ссылки доступа

Ташкенттен учкан «Өзбекстан аба жолдорунун» учагы кайра конду


«Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясынын учагы
«Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясынын учагы

«Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясынын Ташкенттен Навоиге учкан «Боинг-757» учагы тиешелүү бийиктикке көтөрүлбөстөн кайра конууга мажбур болду. Бул тууралуу 6-мартта аталган каттамдын жүргүнчүлөрүнүн бири билдирди.

Анын айтымында, жети жүргүнчүсү бар учак Ташкент аэропортунан көтөрүлгөндөн көп өтпөй кайра конгон.

«Аэропорттун диспетчери учак учуп кеткенден кийин тигил тараптан кайра ала келүүгө жүк жок экенин аныктаган. Мындан улам тиешелүү бийиктикке көтөрүлө элек учакты кайра кондурушту. Жүргүнчүлөрдү эч нерсе түшүндүрбөстөн учактан түшүрүштү. Аларга билеттин акчалары дагы кайтарылып берилген жок. Анткени ички каттамдар үчүн билеттин акчаларын кайтарып берүү каралган эмес", - деди жүргүнчү.

«Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниянын сайтында Навоиге учкан «Боинг-757» учагынын кайрадан Ташкент аэропортуна конушунун себептери жазылган эмес.

XS
SM
MD
LG