Ссылки доступа

Медина мейманканасында тажик ишкери менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгү табылды


5-мартта Сауд Арабиянын Медина шаарынын мейманканаларынын биринде 33 жаштагы Бахтиёр Додохонов, анын аялы, 10 жана 12 жаштагы эки уулунун сөөгү табылды.

“Азаттыктын” тажик кызматынын корреспонденти маркум ишкердин атасы, «Шарки озод» басма үйүнүн мурдагы директору Манзурхон Додохоновдун үйүнө барды. Бахтиёр Додохонов анын жалгыз уулу болчу.

Ишкердин туугандары алар ууланып калган же киши колдуу болушкан деген божомолдорун билдиришүүдө. Учурда Тажикстан жана Сауд Арабиянын тиешелүү түзүмдөрү расмий билдирүү берише элек.

Бахтиёр Додохонов Тажикстанда белгилүү ишкер болгон. Он күн мурун ал үй-бүлөсү менен Мединага кичи ажылыкка жөнөп кеткен.

XS
SM
MD
LG