Ссылки доступа

Forbes Назарбаевдин кызы менен күйөө баласын эң бай казакстандык деп атады


Казакстан ишкерлеринин «Атамекен» улуттук палатасынын төрагасы, президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев.
Казакстан ишкерлеринин «Атамекен» улуттук палатасынын төрагасы, президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динара Кулибаева менен өлкөдөгү ири банкты көзөмөлдөгөн анын күйөөсү Тимур Кулибаев америкалык Forbes журналынын жаңыланган миллиардерлер тизмесинде 194-орунга көтөрүлдү. Бир жыл ичинде Кулибаевдердин капиталы 2,2 миллиардга көбөйгөн.

Тизмеге жалпысынан беш казакстандык кирген. Былтыр журнал Казакстандын эң бай адамы деп ишкер, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы башчысы Булат Утемуратовду атаса, быйыл анын ордун Тимур жана Динара Кулибаевдер ээлеген.

Басылманын маалыматы боюнча, бир жыл ичинде Тимур Кулибаевдин байлыгы 1,1 миллиард долларга көбөйүп, 3,2 миллиард долларга жеткен. Журнал Динара Кулибаеванын байлыгы тууралуу дагы ушул эле сандарды көрсөткөн. Үй-бүлөнүн жалпы байлыгы 6,4 миллиард долларга жетип, тизмеде былтыркы 973-орундан 779-орунга көтөрүлгөн.

Кулибаевдер «АЛМЭКС» компаниясы аркылуу Казакстандын Элдик банкын көзөмөлдөшөт. Былтыр аны активдеринин өлчөмү боюнча өлкөдөгү эң ири банк эсептелген Казкоммерцбанк сатып алган. Тимур Кулибаев Казакстан ишкерлеринин «Атамекен» улуттук палатасынын төрагасы, Казакстандын мунайгаз ишканалары менен KAZENERGY энергетикалык комплексинин биримдигинин жана Улуттук олимпиада комитетинин башчысы. Андан тышкары Казакстандын бокс федерациясын, Спорттун күрөш жана күч пайдаланылуучу түрлөрү конфедерациясын жетектейт. Орусиянын «Газпром» компаниясынын директорлор кеңешинин курамына кирген. Динара Кулибаева атасы Нурсултан Назарбаев атындагы билим берүү фондун башкарат.

Forbes журналы миллиардерлердин тизмесин 1987-жылдан бери жарыялап келет. Быйылкы тимесине жалпы байлыгы 9,1 триллион долларды түзгөн 72 өлкөдөн 2208 киши кирген. Бай адамдардын саны боюнча АКШ алдыда, журналдын тизмесине 585 америкалык кирген.

XS
SM
MD
LG