Ссылки доступа

АКШ Ким Чен Ындын агасынын өлүмүнө байланыштуу Пхеньянга санкция салды


Кошмо Штаттар Түндүк Корея лидеринин агасы Ким Чен Намдын өлүмүнө байланыштуу Пхеньянга жаңы санкция киргизди. Бул тууралуу Reuters АКШ Мамлекеттик департаментине шилтеме берүү менен билдирди.

Жаңы чектөө чараларын киргизүү чечими 22-февралда эле кабыл алынган. Кандай санкция салынарын Reuters тактаган жок.

Буга чейин Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт Вашингтон Ким Чен Намдын өлүмүнө Түндүк Корея бийлигинин тиешеси бар деген бүтүмгө келгенин маалымдаган. Кылмышты жасоо үчүн алар VX химиялык ууландыруучу затын колдонушкан. “АКШ киши өлтүрүү үчүн химиялык курал колдонууну айыптайт. Химиялык куралдарга тыюу салган эл аралык нормаларды сыйлабай, Түндүк Корея бийлиги акылга сыйбаган мүнөзүн көрсөттү",- деп жазды Нойерт Твиттерге.

Ким Чон Нам былтыр Куала-Лумпур аэропортунда уулануудан каза болгон. The Times гезитинин жазышынча, аны өлтүрүүгө алты киши катышкан. Айрым маалымат каражаттары Намдын бетине ууга чыланган чүпүрөк ыргыткан деп жазышты.

Ким Чон Нам Түндүк Кореянын мурдагы лидери Ким Чен Ирдин улуу баласы. Акыркы жылдары негизинен чет өлкөдө жашап, Түндүк Корея бийлигин ачык сындап келген.

XS
SM
MD
LG