Ссылки доступа

Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Тажикстанга келди


Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен 9-март күнү эртең менен Душанбеге келди.

Душанбе шаарындагы эл аралык аэропортто өзбек президентин кызматташы Эмомали Рахмон тосуп алды.

Өзбекстан президентинин эки күндүк сапары учурунда 25тен ашуун документке кол коюлат. Алардын арасында өзбек-тажик чек арасы жөнүндөгү келишим дагы бар.

Мирзиёев менен Рахмон алгач жабык эшик артында жолугушуу өткөрүштү. Расмий маалыматтар боюнча сүйлөшүүлөр учурунда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, инвестиция, каржы, транспорт, коммуникация, туристтик, маданий-гуманитардык жана аймактык маселелер талкууланат.

Андан соң эки өлкө президенттеринин катышуусунда бизнес-форум өтөт. Мирзиёев менен Рахмон Өзбекстан товарларынын көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышышат. Өзбекстандык өндүрүш товарларынын алгачкы жарманкеси былтыр апрелде Душанбеде өткөн. Ага 160тан ашуун өзбек компаниялары катышкан.

Бүгүн кечинде эки элдин достугуна арналган гала-концерт болот. 10-мартта өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын спикери Шукурджон Зухуров жана премьер-министр Кохир Расулзода менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG