Кылмышка шектүү катары 17 жаштагы педагогикалык колледждин студенти кармалды. Окуу жайдын жетекчилиги облус акимчилигине чакыртылды.
Бул окуядан кийин жергиликтүү бийлик Кизирик районундагы колледждердин бардык студент кыздарын мажбурлап, гинекологго көрүнүүгө жөнөтүүдө.
Мааледеги активисттердин биринин айтымында, студент кыз өз алдынча төрөп, ымыркайын думуктуруп өлтүрүп, көлмөнүн жээгине алып барып таштаган. “Мен анын атасын тааныйм. Мурун ал биздин райондо тракторист болуп иштечү. Кийин Орусияга кеткен. Кыз ата тарбиясын көргөн жок. Эмнени кааласа ошону жасачу”, –деди ал.
Бул окуя боюнча тергөө иштери башталды.