Ссылки доступа

Өзбекстан өз товарларынын Тажикстанга экспорттолушун каржылайт


Өзбекстандын Улуттук банкы менен Тажикстандын «Амонатбонк» банкы соода иштерин каржылоо тармагында кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту.

Макулдашууда Өзбекстандан Тажикстанга товарларды жана кызматтарды экспорттоого байланышкан келишимдерди каржылоо каралган.

Өзбек ММКлары кабарлашкандай, биринчи кезекте бул текстиль индустриясына, курулуш материалдарын өндүрүүгө, тамак-аш өнөр жайына, ошондой эле электротехникалык, автоунаа жана химиялык тармактарга тийиштүү болот.

Андан тышкары эки банктын ортосунда корреспонденттик мамилелерди орнотуу тууралуу банктар аралык келишим түзүлдү. Ал тараптардын кызматташтыгын бекемдөөгө жана банктар аралык эсептөө системаларын жакшыртууга багытталган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапары 10-мартта аяктаган. Анын жыйынтыгында жалпысынан эки өлкөнүн түрдүү тармактар боюнча кызматташтыгын бекемдөө жана өнүктүрүүгө багытталган 25 документке кол коюлду.

XS
SM
MD
LG