Ссылки доступа

Өзбекстанда мурдагы тергөөчү түрмөдө кыйноого кабылганын билдирди


Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы тергөөчүсү Фаррух Тохтимаметов мекеменин абагында кыйноого кабылганын билдирди.

Учурда Стамбулда ооруканада дарыланып жаткан Тохтимаметовдун айтымында, аны кичинекей бөлмөдө 12 киши менен бирге жылаңач кармашкан. Андан тышкары сабап, кемсинтип, ошол эле маалда медициналык жардам көрсөтүшкөн эмес.

42 жаштагы Фаррух Тохтимаметов Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгында биринчи бөлүмдү башкарган. 2014-жылы кармалганда анын подполковник аскердик наамы болгон.

"Алар суроо дагы беришпестен, менин сүйлөшүмдү талап кылышты. Мен эмне жөнүндө сүйлөйүн десем баары жөнүндө деп жооп беришти", – деди Тохтимаметов. Кийинчерээк ага кызмат абалын кыйнат пайдаланган жана мамлекеттик менчикти өзүнө алып алган деген айып тагылган.

Тохтимаметовдун айтымында, ал Сурхандарьяда 45 күн камакта болгон. «Мени менен бир камерага камалгандар кийимчен эле жүрүштү, бирок мени дайыма жалыңач жүрүүгө мажбурлашты», – деди ал.

Мурдагы тергөөчү камактагы башка адамдар түрмөдө кандай кемсинтүүлөргө кабыларын түшүнгөндүгүн айтып, бирок ал УККда иштеп жүргөн маалда мекеменин абагында кыйноолор болгондугу тууралуу фактыларды четке какты. Human Rights Watch укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча өкүлү Стив Свердлов Фаррух Тохтимаметовдун бул айткандарын калп деп атады.

XS
SM
MD
LG