Ссылки доступа

ЭВФ Түркмөнстанга экономикалык өнүгүү үчүн реформаларды тездетүүнү сунуштоодо


Эл аралык валюта фонду Түркмөнстан экономикасы оор абалда экенин билдирди. Мартин Соммер баштаган фонддун өкүлдөрү 19-февралдан 6-мартка чейин Ашхабадда болуп, бир катар аткаминерлер менен жолугушту.

Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылы Түркмөнстанда инфляция орто эсеп менен 8% чейин өскөн. Фонд импортко карата чектөө чараларын кыскартып, эл аралык төлөмдөр үчүн валюта алмаштыруу тартиптерин жөнөкөйлөштүрүү пайдалуу болот деп кеңеш берет.

Эл аралык валюта фонду Түркмөнстан жетекчилигине реформа жүргүзүүнү жана уюмдарды менчиктештирүүнү тездетүүнү, чет өлкөлүк инвесторлорду өлкөгө киргизүүнү сунуштайт. Миссиянын баяндамасында мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдалануу, саламаттык сактоо жана билим берүүгө көбүрөөк каражат жумшоо зарылдыгы белгиленет.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары билдиргендей, экономикалык кыйын кырдаалга байланыштуу өлкө жетекчилиги Эл аралык валюта фондунан жардам сурап, уюмдун Вашингтондогу баш кеңсесине бир нече жолу барып келген.

"Биринчи жолку сапарда алар миллираддаган каражат сурашкан. Делегация мындан майнап чыкпасын билген. Экинчи сапар учурунда дагы акча сурашкан. Бирок азыркыга чейин жыйынтык жок. Эл аралык валюта фонду Түркмөнстандан социалдык жеңилдиктерге байланыштуу реформаларды жүргүзүүнү талап кылууда", - деди ал.

Фонд курулуш тармагына мамлекеттик инвестиция салууну кыскартууну сунуштаган. Ага карабай өкмөт бюджеттин эсебинен кымбат баалуу бир нече мейманканаларды курууну пландоодо.

XS
SM
MD
LG