Тажик тарап “Урал авиалиниялары” компаниясына “Пермь-Душанбе” каттамын аткаруу токтотуларын алдын ала билдирген эмес. Буга байланыштуу 12-мартта авиакомпаниянын учуулары үзгүлтүккө учурап, жүргүнчүлөрдүн укуктары бузулган.
"Компания Краснодар – Худжанд, Челябинск – Душанбе жана Жуковский – Куляб каттамдарын аткаруу боюнча дагы өтүнүч жолдогон. Бирок алар белгисиз себептерден улам тастыкталбай турат", - деп билдирет Орусия Транспорт министрлиги.
“Урал авиалиниялары” компаниясынын жогорудагы каттамдар боюнча учуу программалары тастыкталбаса, орус тарап тажик авиакомпанияларына дагы ушундай эле мүнөздө чара көрүлөрүн эскертти.
Орусия Транспорт министрлиги бул боюнча 22-23-мартта Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин билдирүүдө. Бирок ага чейин орус авиакомпаниясынын учууларына уруксат берүүнү сурады. Тажикстан Транспорт министрлиги орус тараптын билдирүүлөрүнө жооп бере элек.