«Тажик авиакомпаниялары тарабынан Орусиянын аталган шаарларына каттамдар аткарылбайт. Бирок орус Транспорт министрлиги өз авиакомпаниялары Пермь-Душанбе жана Челябинск-Душанбе каттамдары боюнча учушу керектигин билдирүүдө. Биз макулдашууда каттамдар тең укуктук негизде аткарылат деп даана жазылып турганын бир канча жолу айтканбыз. Келгиле ошол тең укуктуулукту сактайлы», - деди Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин жетекчи орун басары Азиз Набизода.
Шейшембиде Орусиянын Транспорт министрлиги эгер Душанбе “Урал аба жолдору” компаниясынын аталган каттамдар боюнча учуу программаларын тастыктабаса, орус тарап тажик авиакомпанияларына дагы ушундай эле мүнөздө чара көрөрүн эскерткен.
Орус маалымат каражаттары билдиришкендей, тажик тарап “Урал аба жолдоруна” Пермь-Душанбе каттамын аткаруу токтотуларын алдын ала кабарлабагандыктан, 12-мартта авиакомпаниянын учуулары үзгүлтүккө учурап, жүргүнчүлөрдүн укуктары бузулган.
Азиз Набизоданын айтымында, "Урал аба жолдору» авиакомпаниясы ансыз деле Тажикстанга көп каттамдарды аткарып, учуулар боюнча тең укуктуулукту бузуп жатат. «Биз бул ишке чекит коюуну каалайбыз. Тажикстан Орусиянын Транспорт министрлиги талап кылып жаткан каттамдар боюнча учууларды аткарууга уруксат бербейт. Азырынча бул боюнча бир нерсе айтууга эрте. Эгер Москва тажик жүргүнчү ташуучуларына карата кандайдыр бир чараларды көрсө, биз кол куушуруп отуруп бербейбиз. Биз дагы орусиялык авиакомпаниялардын учууларын чектеп, башка чараларды көрөбүз», - деди ал.
Дүйшөмбүдө Орусиянын Транспорт министрлиги бул боюнча 22-23-мартта Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин билдирип, бирок ага чейин орус авиакомпаниясынын учууларына уруксат берүүнү сураган.