Маалыматтарга караганда, Орусия БШКсы 2 киши чакырган. Шанхай кызматташтык уюму –3, КМШ – 27, ЕККУ миссиясы – 16, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы – 2, ЖККУнун Парламент ассамблеясы – 1, ЕККУнун Парламент аралык ассамблеясы – 3, Жогорку Кеңеш 2 киши жөнөтөт.
Орусиядагы президенттик шайлоо учурунда Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Кара-Балта, Чолпон-Атада алты шайлоо тилкеси ачылат. 56 байкоочунун 13ү Кыргызстан аймагындагы шайлоо жараянына көз салат.