Ссылки доступа

Өзбекстанда дагы алты «абийир туткуну» абактан бошотулду


Эркиндикке чыккан абийир туткундарынын бири Кудрат Расулов интернеттен тасма жүктөп алгандыгы үчүн соттолгон.
Эркиндикке чыккан абийир туткундарынын бири Кудрат Расулов интернеттен тасма жүктөп алгандыгы үчүн соттолгон.

АКШнын Ташкенттеги элчилиги Өзбекстан түрмөлөрүнөн алты «абийир туткунунун» бошотулушун кубаттады.

«Кошмо Штаттар абийир туткундары деп аталган алты адамды — журналист Гайрат Михлибоевди, активисттер Юлдаш Расуловду, Чуян Маматкуловду, Кудрат Расуловду, ошондой эле эже-сиңдилер Мехринисо жана Зулхумор Хамдамоваларды эркиндикке чыгаруу боюнча Өзбекстан бийлигинин чечимин кубаттайт», – деп жазылган АКШ элчилигинин сайтында.

Гайрат Михлибоев 2002-жылы жайында кармалган. 2003-жылы февралда өлкөдө тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний партиясынын мүчөсү деп айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылган. Бирок 23 жылга соттолгон «Хуррият» гезитинин мурдагы кабарчысы он алты жыл өткөндөн кийин гана эркиндикке чыкты.

2002-жылы сентябрда кармалган Өзбекстандын адам укуктары биримдигинин өкүлү Юлдаш Расулов «Хизб-ут-Тахрирдин» мүчөсү болгон, аталган диний уюмдун катарына жаңы мүчөлөрдү азгырган жана өкмөткө каршы багытталган идеяларды жайылткан деп айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылган. Бирок Расуловдун өзү эч качан «Хизб-ут-Тахрирдин» мүчөсү болбогонун, тескерисинче, адамдарды ал уюмдун катарынан чыгууга үндөгөнүн айтып келет.

Кашкардарья облусунун Касан районунда жашаган активист Чуян Маматкулов 2012-жылы августта кармалган. 2013-жылы февралда «конституциялык түзүлүшкө кол салуу», «адам уурдоо», «алдамчылык», «документ жасалмалоо» жана «жалган көрсөтмө берүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, он жылга камалган.

2014-жылы намангандык зергер Кудрат Расулов интернеттен оппозициялык саясатчы Мухаммад Салих жөнүндөгү тасманы жүктөн алгандыгы үчүн сегиз жылга эркинен ажыратылган. Анда ал «конституциялык түзүлүшкө кол салган» деп айыпталган.

XS
SM
MD
LG