Ссылки доступа

Казакстанда «Сирияга кетүүгө аракет кылган» аялдын камактагы мөөнөтү узартылды


Сирияга кетүүгө аракет кылган деп айыпталган Жансай Таңатарованын биринчи инстанциядагы соту
Сирияга кетүүгө аракет кылган деп айыпталган Жансай Таңатарованын биринчи инстанциядагы соту

Караганда облустук соту террордук топтун ишмердүүлүгүнө катышкан жана анын катарына «жашы жете элек тууганын азгырган» деген айып менен февралда 9 жылга эркинен ажыратылган 30 жаштагы Жансай Таңатарованын аппеляциялык арызын карады.

Сот прокурордун нааразылыгын эске алып, Таңатарованын камактагы мөөнөтүнө дагы бир жыл кошту. Мурдараак прокурор биринчи инстанциядагы сот чечим чыгарганда ката кетиргенин билдирип, соттолуучунун камактагы мөөнөтүн 10 жылга чейин узартууну өтүнгөн.

Таңатарова Сирияга барууга аракет кылгандыгын моюнуна алып, бирок жашы жете элек тууганын «террордук топтун катарына азгырбаганын» билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 30 жаштагы Жансай Таңатарова «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарына кошулуп, өзүнүн 17 жаштагы тууганын Сирияга алып кетүүгө аракет кылган. Сотто белгилүү болгондой, ал Карагандадан чыгып бараткан маалда кармалган.

XS
SM
MD
LG