Ссылки доступа

Түркмөнстан түндүгүндө өзбек тилдүү мектептер ачылышы мүмкүн


Дашөгүз облусунда мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын эсеби алынууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, эки жумадан бери өзгөчө казак жана өзбек үй-бүлөлөрдүн балдарын каттоо жигердүү уланууда. Бул иш чара өзбек тилинде билим берген мектептерди ачуу максатында жүрүп жатканы айтылууда.

“Көпчүлүк Түркмөнстан президентинин Өзбекстанга жасаган расмий сапарынан кийин облуста өзбек мектептерин ачуу үчүн каттоо жүрүп жатат деп үмүттөнүшүүдө. Бул аймакта өзбек тилинде билим берүү Ниязовдун маалында токтотулган”, -деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы. Анын айтымында, Дашөгүздө өзбек улутундагы жарандар көп жашайт.

Редакциянын өз булагы бул мектептерде ата-энеси жана үч муундагы бабалары кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган өзбек үй-бүлөлөрүнүн балдары гана окуй алышарын билдирди. Маалыматтарга караганда, баласын мектепке орноштургусу келген колунда бар жарандар тиешелүү органдарга азыртадан эле пара сунуштай башташты.

XS
SM
MD
LG