Ссылки доступа

Орусиядагы түркмөн студенттери талаада иштеп акча табууга аргасыз болушууда


Түшүм жыйноо (иллюстрация)
Түшүм жыйноо (иллюстрация)

Орусияда окуган түркмөнстандык студенттердин көбү материалдык кыйынчылыктардан улам кошумча иштеп акча табууга аргасыз болушууда.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, Астрахань облусунда жүздөгөн түркмөн студенти талаага чыгып иштеп жатат.

«Албетте андагы шарттар жакшы эмес: күн ысыкта 8 саат иштесең болгону 600 гана рубль (9,6 доллар) төлөнөт. Мындай жумушта иштегенди каалагандардын саны көп болгондуктан, иш берүүчүлөр эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө ойлонушпайт. Студенттердин мындай шарттарга макул болуудан башка айласы жок. Иш күндөрү окууга баргандыктан алар дем алыштарда гана иштешет», — деп жазды басылма..

Түркмөн бийлиги өлкө банктары тарабынан берилген төлөм карталарына жана тез акча которуу кызматтарынын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизгендиктен, акыркы айларда студенттер ата-энелери жөнөткөн акчаларды ала албай кыйналып келишет.

«Эң башкы маселе студенттер ата-энеси салып жиберген акчаларды Visa караталарынан ала албай жаткандыгында. Көпчүлүгү күнүмдүк жашоосуна, батирдин ижара акысын төлөөгө акча таппай жүрүшөт. Ошондуктан кандай гана жумуш болбосун, иштөөгө макул болушууда», - деди түркмөнстандык студенттердин бири.

Бирок жумуш бардыгы үчүн эле жеткиликтүү эмес. Түркмөнстандан барган студенттерде орус жарандыгы жок болгондуктан, жумуш берүүчүлөр аларды мыйзамсыз жалдап иштетишет.

XS
SM
MD
LG