Ссылки доступа

Нике жаңырткан тажик жаранын суицидке жеткиришти


Тажикстандын Восей районунун тургуну Саидмухаммад Иброхимов экинчи жолу үйлөнгөндөн бир жарым ай өткөндөн кийин өз жанын кыйды. 8 ай мурун биринчи аялын аары чагып, каза болуп калган.

«Балдары атасынын экинчи аял алуусуна каршы болушуп, тоюна катышуудан дагы баш тартышкан», - деди анын агасы Раджабали Иброхимов.

Саидмухаммаддин төрт баласы бар. 24 жаштагы улуу баласы Орусияда иштеп жүрөт. Кичүү кызы 16 жашта.

​«Алардын эч кимиси атасынын экинчи аял алышы жөнүндө уккусу да келген эмес. Бирок шарият боюнча аялы өлүп калган киши экинчи жолу үйлөнүү үчүн балдарынан уруксат сураганга милдеттүү эмес», - деди Раджабали Иброхимов.

Саидмухаммад Иброхимовдун экинчи аялы Маржона Рахимова алар алгачкы он күн эле бактылуу болушканын, андан соң уруш-талаш башталганын айтты. «Балдары күндө телефон чалып, мени кууп чыгышын талап кылып турушту. Акыры ал ажырашууну чечти. Мен ата-энемдикине кеттим. Саидмухаммад болсо эртеси асынып алыптыр», - деди Марджона Рахимова.

Восей райондук прокуратурасы бул иш боюнча тергөө башталганын билдирди.

XS
SM
MD
LG