Ссылки доступа

Казакстанда гун дооруна таандык артефакттар табылды


Актөбө шаарынан 20 чакырым аралыкта жайгашкан Курайлы айлынан алыс эмес жерде баатырдын  жана аттын сөөгү көмүлгөн эски жай табылды.

"Эски мүрзөдөн табылган материалдарды карап, биз муну гун доорунан калган мурас деп отурабыз. Биздин заманга чейинки ІІ-ІV кылымдар аралыгында жасалган сары түстүү аттын ээр токум жасалгалары, баатырдын баш кийим, кемер жана кылычында түшүрүлгөн оюулар алтын болушу мүмкүн. Аны менен катар күмбөздөн күмүш менен колодон жасалган деталдар табылды. Баатырдын ээри менен кийимдери металл жана баалуу таштардан жасалган. Бул стиль гун доорунда кеңири колдонулган. Эски күмбөздөн табылган материалдарды гун дооруна таандык деп жатышыбыздын дагы бир себеби гундар сактар менен сарматтар сыяктуу бийик коргондорду салган эмес. Белгилүү адамдарды жерге берген учурда эч кандай белги калтырышчу эмес , - деди Актөбөдөгү музейдин директору Мейрам Дүйсенгали.

Гун дооруна тиешелүү болушу мүмкүн делген жайды түндүк айланма жолдун жанында курулуш үчүн кум казып алып жаткан экскаватордун айдоочусу Кайрат Искаков таап алган.

"Сузгуч менен бийик жарды жиреп жиберсем, сөөктөр чачылып түштү. Киши менен жылкынын сөөгү жана алтын жасалгалар үч метр тереңдикте жатыптыр. Жумушту токтотуп, карьердин башчысын чакырдым. Ал бул кылмыш издери деп ойлосо керек, дароо полицияга кабар берди”, -деди Кайрат Искаков.

Алматыдагы лаборатория эски мүрзөдөн табылган табылгалар гун дооруна таанык экенин аныктаса, алар Актөбө облустук музейге коюлат. Буга чейин аймакта гун дооруна таандык бир дагы артефакт табылган эмес.

XS
SM
MD
LG