Ссылки доступа

Ашхабаддыктар 47 градус ысыкта суусуз калды


Ашхабаддын борборунда жайгашкан бир нече кичирайон акыркы төрт күндөн бери суусуз калды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, суу берүү 29-июнда токтотулган.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, жашоочулар жергиликтүү бийликке арыз менен кайрылышты. Ашхабадда абанын температурасы көлөкө жерде 47 градусту түзүүдө.

Борбор калааны суу менен камсыз кылуу мекемелери жабдуулар бузулганын, учурда оңдоо иштери жүрүп жатканын билдиришүүдө.

2-июль күнү авария болгон кичирайондорго цистерна менен суу ташып келишти, бирок ал бир сааттын ичинде эле түгөнүп калган.

“Он тонналык суу ташыгыч унаа менен суу алып келишти. Ага 300-350 киши кезекке тизилди, ал гана эмес балдар дагы 1-1,5 литрлик пластик бөтөлкөлөр менен турушту. Үч күндүн ичинде бир гана машина суу келди”,- деди ашхабаддык баяндамачы Аманмурад Бугаев.

Заманбап Ашхабаддын инфраструктурасында калк үчүн бекер суу берүүчү жерлер каралган эмес. Гүлбактарда, көчөлөрдүн жээгинде жайгашкан оргумалар, суу түтүктөрү шаарды оңдоо иштеринин алкагында алынып салган.

XS
SM
MD
LG