Ссылки доступа

Жогорку соттун үч судьясына кылмыш иши козголду


Жогорку сот имараты
Жогорку сот имараты

Башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясына жана бул соттук органдын аппаратынын, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан кабарлашты.

Прокуратуранын өкүлү Жаркынай Азиеванын билдиришинче, алар "адамды камакта мыйзамсыз кармап туруу менен конституциялык укугун бузган" деп айыпталууда:

- О.Т. аттуу жаранга козголгон кылмыш ишинин алкагында анын бөгөт чарасы катары тышкы чыкпоо тууралуу тилкат берүү аныкталган. 2017-жылдын 25-августунда райондук сотто ишти кароодо О.Т. жыйынга келбегени үчүн аны бир айга камакка алуу жөнүндө чечимге өзгөртүлгөн. Бул токтомду экинчи баскычтагы сот да күчүндө калтырган. О.Т. соттун бул чечимдеринин үстүнөн көзөмөл иретинде Жогорку сотко арызданган. Арыз 6-апрелде Жогорку соттун кароосуна келип түшкөн, бирок мыйзамда көрсөтүлгөн он беш күндүн ичинде каралган эмес. Өз кезегинде №1 тергөө абагынан кызматкерлери өз ыйгарым укуктарын аткарбай, О.Тны 12 күн камакта мыйзамсыз кармашкан. Ал эми Жогорку сотто көзөмөл арыз 2018-жылдын 14-майында О.Т. камактан чыккан соң гана кармалган. Ошол аркылуу аталган кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракетинен улам жарандын эркиндикке болгон конституциялык укугу бузулган.

Бул маалымат коомчулукка жарыяланган соң Башкы прокуратура айтып жаткан жаран көзү азиз активист Темирлан Ормуков экени белгилүү болду. Мындай маалыматты Ормуков "Азаттыкка" өзү да ырастады. Бирок Темирлан Ормуков Жогорку соттун судьяларына карата буга чейин арыз жазбаганын, өз эркиндигинин чектелеши боюнча башка адамдарга дооматы бар экенин билдирди:

- Бул менин ишим. Бирок мен бул боюнча үч судьяга тергөө абагынан доомат койгон эмесмин. Себеби, бул жерде Башкы прокуратура өзүнүн күнөөсүн жаба албай жатат. Ошондой эле биринчи болуп райондук соттун судьясы Афчи Алиевдин үстүнөн кылмыш иши козголушу керек эле. Мага буга чейин Башкы прокуратуранын тергөөчүсү чалып: "Арыз жазасызбы?" деди, мен жазуудан баш тарткам. "Тергөө абагында мыйзамсыз отуруп калган" дегенде мени ал жакка ким киргизди? Мени Жогорку соттун судьялары киргизген жок. Райондук соттун мыйзамсыз чечими менен мени камашкан. Мен Жогорку соттун судьяларын коргогон жокмун. Менин калыстык сөзүм ушундай.

Ормуков кошумчалагандай, аны камакка алуу боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүч арызын Жогорку сотто Качыке Эсенканов, Каныбек Бокоев жана Арзыбек Акыев баштаган соттук коллегия караган эле. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон судьялар аталган адамдар болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG