630 орундуу мектеп калаадагы Алишер Навои атындагы №18 мектеп-гимназиясынын эски имаратынын ордуна түшүп жатат.
Курулуш иштерин өзбекстандык “Трест-12” жана “Бунёд Гранд Сервис” компаниялары жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы аянты 3 851 чарчы метрди түзөт.
Учурда жаңы курулуп жаткан үч кабаттуу мектептин окуу корпусунун дубалы толук тургузулуп, үстү жабылып бүткөрүлгөн. Корпус, спорт зал, ашкана жана жыйындар залы сырдалып, акталууда. Ошондой эле мектептин сыртындагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери да уланууда. Өзбекстандык жумушчулар 1936-жылы курулган жана учурда авариялык абалдагы №18 мектеп-гимназиянын бир бөлүгүн ремонттошту.
Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов менен Кыргызстандын билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 2017-жылы 28-июнда Ош шаарында жаңы мектеп куруу тууралуу келишимге кол коюшкан. Окуу жай Өзбекстан бюджетинин эсебинен салынып, Кыргызстандын менчигине өткөрүлүп берилет.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жылы 5-сентябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенде ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевди мектептин долбоору менен тааныштырган.