Ссылки доступа

Кыргызстанда курал-жарак саткан дүкөндөр убактылуу жабылат


Ички иштер министрлиги "Азаттыкка" билдиргендей, 10-августтан тартып сентябрга чейин Кыргызстандагы курал-жарак дүкөндөрүн убактылуу жабуу аракети башталат.

Бул чечим быйыл сентябрда Ысык-Көлдө боло турган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин кезектеги саммити менен байланыштуу. Көчмөндөр оюндары быйыл 2-8- сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитин 3-сентябрда Чолпон-Атада өткөрүү белгиленген.

Маалыматка караганда, оюндарда жана саммитте коопсуздукту камсыз кылуу максатында мергенчилердин колундагы куралдар да убактылуу алынмакчы. Учурда Кыргызстанда курал-жарак саткан ондон ашык дүкөн бар. Аларда негизинен аңчылык куралдары сатылат.

Мындан тышкары, ИИМ таланып-тонолгон ок атуучу куралдарды өз эрки менен өткөрүп берген жарандарга акчалай сыйлык берүү демилгесин көтөрдү. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын мекеме дагы бир сыйра эскертти. 2010-жылы апрель жана июнь окуяларында жүздөгөн курал-жарак, миңдеген ок-дары жоголгону белгилүү.

XS
SM
MD
LG