Ссылки доступа

Мамдепартамент Скрипалдардын ишине байланыштуу Орусияга санкцияларды киргизет


Британиянын Солсбери шаарында Орусиянын мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу АКШ Орусияга каршы санкцияларды киргизет. Тиешелүү билдирүү Мамлекеттик департаменттин сайтына жарыяланды.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт Орусия Улуу Британияда нервди шал кылуучу затты колдонуу менен эл аралык укукту бузганын белгиледи.

Жаңы чектөөлөр 22-августта күчүнө кирет. Аларга ылайык, Орусияга улуттук коопсуздук тармагында пайдаланылган товарларды, анын ичинде авиацияда колдонула турган электрондук жабдууларды экспорттоого тыюу салынат.

Эгер Москва үч ай аралыгында химиялык курал колдонбой тургандыгына кепилдик берип, эл аралык инспекторлорду киргизүүгө макул болбосо, анда Орусияны санкциялардын жаңы топтому күтөт, деп жазды NBC Мамдепартаментке шилтеме кылып. Аны менен катар «Аэрофлот» авиакомпаниясынын АКШга учууларына тыюу салуу жана өз ара соодалашууну минимумга чейин кыскартуу каралууда.

1991-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, кайсыл бир өлкө тараптан биологиялык же химиялык курал колдонулса, ага карата АКШ тараптан чектөө чаралары киргизилет.

Быйыл мартта Орусиянын мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө Британиянын Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган. Экөө тең бир канча убакыт ооруканага жатып чыгышкан. Учурда алардын кайсыл жерде экендиги белгисиз.

Лондон «Новичок» заты СССРде чыгарылгандыктан, Скрипалдарга кол салуунун артында Кремль турарын билдирген. Москва бул айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG