Ссылки доступа

Өзбекстанда быйыл Мажбурлап аткартуу бюросунун 96 кызматкери жарандардын кол салуусуна кабылган (видео)


Мажбурлап аткартуу бюросунун логотиби
Мажбурлап аткартуу бюросунун логотиби

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жарандардын Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлерине кол салуусу боюнча маалыматтарды жарыялады. Ага ылайык, быйыл мекеменин 96 өкүлү коммуналдык кызматтар үчүн карызы бар жарандардын кол салуусуна дуушар болгон.

– 34 учур боюнча «Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү» беренеси менен кылмыш иштери козголгон. Андан тышкары 20дан ашык административдик иш бар. Калгандары боюнча азыр тактоо иштери жүрүүдө», — деди Мажбурлап аткартуу бюросунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Фаррух Ташпулатов.

Ал белгилегендей, инспекторлор өз аймактарындагы агрессивдүү керектөөчүлөрдү жакшы билишет жана керек болгон учурда алардын коопсуздугун укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыздап беришет.

19-июлда Мажбурлап аткартуу бюросунун Анжиян облустук бөлүмүнүн кызматкерине жергиликтүү тургун бычак менен кол салып, ал ооруканага жатып чыкканы кабарланган. Кол салган адамга жергиликтүү милиция тарабынан кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратуранын алдындагы Мажбурлап аткартуу бюросу президент Шавкат Мирзиёевдин былтыр 29-майдагы жарлыгы менен түзүлгөн. Мекеме энергоресурстар үчүн төлөмдөрдүн өз убагында аткарылышын көзөмөлдөйт. Инспекторлор газ жана электр жарыгы үчүн өз убагында акча төлөбөгөн жарандардын мүлктөрүн алып коюуга укуктуу.

XS
SM
MD
LG