Ссылки доступа

Ашхабадда полициячылар соодагерлерден акча талап кылган учурлар көбөйдү


Ашхабад полициясы. Иллюстрациялык сүрөт
Ашхабад полициясы. Иллюстрациялык сүрөт

Ашхабадда полиция кызматкерлери ишкерлер менен соодагерлерден акча талап кылган учурлар көбөйдү. «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, мындай көрүнүш борбор калаада акыркы жумаларда өтө көп кездешүүдө.

«Полициячылар жеке дүкөндөрдүн бирине келип, ээсин чакырышты. Андан соң менин көзүмчө жер-жемиштерди кире бериште түшүрүп жатканын айтып, акча талап кылышты. Эгер бербесең бир кутусун алып кетебиз деп коркутушту», — деди кабарчы.

Анын айтымында, дүкөндүн ээси полиция кызматкерлерине акча дагы, алардын жер-жемиш алып кетүүсүнө дагы мүмкүндүк берген эмес. Тартип сакчылар аны коркутуу үчүн колун кайрып, полиция бөлүмүнө алып кете тургандыктарын айтышкан. Бирок акыры дүкөн ээси баары бир эч нерсе бербей турганына көзү жеткенден соң кетип калышкан. Кабарчы акыркы жумаларда мындай учурларды Ашхабаддын бардык аймактарында кезиктирүүгө болорун кошумчалады.

Бул боюнча өлкөнүн Ички иштер министрлигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Бул видеодо Дашөгүз полициясы өз чарбасындагы жер-жемиштерди сатып жаткан адамдарды кууп таратууда

Полиция Дашогуза разгоняет частных торговцев овощами
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:17 0:00
XS
SM
MD
LG