Ссылки доступа

Кыргызстанга эки паралимпиадалык комитеттин эмне кереги бар? (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Кыргызстанга эки паралимпиадалык комитеттин эмне кереги бар? (видео)

- «Бир Дүйнө-Кыргызстан»: Адам укуктары жөнүндөгү тасмалардын парады. (Кыргызстандан видео)

- Тажикстандык саякатчы Мессиге жолугуу үчүн Европаны аралап барууда. (Настоящее время)​

- Тагдырлаштарына таяныч болгон Гүлзана. Майып адамдарга соцтармактар аркылуу дем берип келаткан Гүлзана Жаркынбаева жакындан бери майып кыздар үчүн "Биз барбыз" аттуу жаңы долбоорун ишке ашыра баштады. Анын алкагында үйүнө чыга албай отурган майып кыздарды сүрөткө тартып, атайын фотосессияларды уюштуруп келет. “Азаттыктын” кабарчылары Гүлзана менен баарлашып, анын бир күндүк ишин тасмага түшүрүп келишти. (видео)

- АМТ өндүрүшү токтоду. «АрселорМиттал Темиртау» ишканасындагы авариядан улам болот жана чоюн өндүрүү токтотулду. (Казакстандан видео)

- Сегиз небересин баккан чоң эне. Балдардын ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшөт. (Настоящее время)

- Сандык - септин көркү. Сандык кыргыздын улуттук буюмдарынын бири. Сандыкты кыздын себине кошуп берүү эзелтеден келген салт. Ал жаңгак, арча же карагайдан жасалып, көчүп-конууга ыңгайлуу болгон. Учурда жыгач усталар бул буюмду кардарлардын табитине ылайыктап, өзгөчө стилде, оймо-чийме менен кооздоп жасашат. Заман талабына жараша сандыктын жасалгасы өзгөрүүдө. (сүрөт баян)

- Майыптыгы бар аялдар иштеген Бишкектеги фабрика. (Директтен видео)​

- Кыргызстанда көзү көрбөгөн кыз 80 долларлык жөлөк пулга жашайт. (Директтен видео)

- Өзбекстан Украинага каршы экономикалык санкцияларды киргизиши мүмкүн. (Настоящее время)

- Могибулла жана мектеп. Ооганстандагы бул баланын майыптар арабасы жок, бирок мектепке жөрмөлөп барат. (видео)

- Шинжаң лагерлеринин хроникасы. (материалдар топтому)

- Өзгөндөгү кайрымдуу жаштар. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылынын жаштарына суктангандар да, сыймыктангандар да көп. Анткени бул айылдын жаштары жергиликтүү бийликти карап отурбай, айылдагы көптөн бери каралбай калган аялдамаларды жаңылап, муктаж адамдар үчүн социалдык дүкөн ачышты. (Директтен видео)

- Коррупциялашкан Казакстан. Быйыл тогуз айдын ичинде Казакстан Башкы прокуратурасы 2626 коррупциялык мыйзам бузуу учурларын каттаган. Орточо эсеп менен бул күнүнө 10 фактыдан болот. (Казакстандан видео)

- Эмнеге крымдык татарлар съездге эки жолу чогулду? Крымдык татарлар 12-ноябрда Киевде съездге чогулушту. Бирок делегаттардын көбү Крымдан чыга алышкан жок. (Директтен видео)

- Америкадагы Омаха шаарында тажик чайханасы ачылат. (видео)

- «Көчө шыпырып жүрүп гитара сатып алгам…». Өмүрүн музыкага арнаган пенсионер. (Директтен видео)

- Элдос: "динди саттың" деп сабашты. Ысык-Көл районунун Тамчы айылында сабалган бала башка ишенимде болгону ур-токмокко алынганын айтууда. Бирок Ысык-Көл облустук милициясы бул факты боюнча “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Ушул тапта сабалган бала Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат. (Директтен видео)

- «Биздин атыбыздан эмес». Борбор Азиядагы экстремизм: акыркы чыгарылышы. (Директтен видео)

- Түркмөнстан: Апта сүртүмдөрү. (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG