Ссылки доступа

Курултай курал болдубу? (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Курултай курал болдубу? Коомдук саясий күчтөрдүн курултайы максатына жеттиби же кимге курал болду? Бул суроо “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талданды. (Директтен видео)

- Азия: курултай Атамбаевдин президенттик ишмердигине «эки» койду. Кыргызстанда Курултай Алмазбек Атамбаевдин президенттик ишин канааттандыраарлык эмес деп таап, аны кол тийбестигинен ажыратууну сунуштады. Астанада кыз канализация люгуна түшүп кетип каза болду. Өзбек өкмөтү банктарды менчиктештирүүгө уруксат берди. (Настоящее время)

- Астанада мектеп окуучусу канализация люгуна түшүп кетип каза болду. (видео директ)

- Кытайда 29 казакстандык кармалды. Кытайда кош жарандуулугу бар деп шектелген 29 казакстандык кармалды. Алардын айрымдары дале камакта калышууда. (Казакстандан видео)

- Курултай Атамбаевдин президенттик ишин «канааттандыраарлык эмес» деп тапты. (видео Директ)

- Керч каатчылыгы сүрөттөрдө. Москва менен Киевдин ортосунда жаңжал уланууда. Киев Керч кысыгында Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн үч кемеси күч менен колго түшүрүлгөнүн билдирген. Анда алты украин моряк жарадар болгон. Москва украиналык кемелер Орусиянын аймагын бузуп киргендиктен Кара деңизде кармалганын, ал үчүн курал колдонулганын ырастаган. Украина Орусиянын бул аракетин “агрессия” деп баалады. (сүрөт баян)

- Украинадагы аскердик абал: эмнелерди билүү керек? («Крым.Реалии» долбоорунун мультимедиялык материалы)

- Хусейн Абдусамадов велотуристтерге кол салуу тууралуу айтып берди. Быйыл июлда Дангарда чет өлкөлүк велотуристтерге кол салган топтун башчысы Хусейн Абдусамадов теракт тууралуу айтып берди. (Тажикстандан видео)

- Кара, жашыл, ар түрдүү. Алматыда манты күнү белгиленди. (сүрөт баян)

- Порошенко Орусиядан украин аскер кызматкерлерин бошотууну талап кылды. (видео Настоящее время)​

- Киевдеги Орусия элчилигинин алдындагы нааразылык акциясы. 25-ноябрда Киевдеги орус элчилигинин алдында украин кемелеринин кармалышына каршы нааразылык акциясы өттү. Аны С14 деп аталган оңчул-радикал уюму уюштурган. (сүрөт баян)

- Өзбекстанда фермерлерден кийин дарыгерлерди ант берүүгө мажбурлашты. Өзбек дарыгерлерин Гиппократтын антынын ордуна элдин, мамлекеттин жана президенттин алдында ант берүүгө мажбурлашууда. (Өзбекстандан видео)

- Евромайдан. Революция башынан аягына чейин. (Инфографика)

- Майыптар арабасынан туруп, информатика жана сабак берип жаткан Давуд. (Настоящее время)

- «Бийликтен коргонуу үчүн адамдарда курал болушу керек». Михаил Ходорковскийдин чоң интервьюсу. (видео директ)

- Тажикстанда Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы жумуштан алынды. Бул Хоженттеги абакта тополоң чыккандан кийин болду. (Настоящее время)

- Менин баатыр жеңем. Уланбек Эгизбаевдин акыркы тасмасы. Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай жайлоосунда төрөлүп, тоо коюнунда бой жетип, бактысын ошол жерде таап жети балалуу болгон баатыр эне Айнагүл Исакованын бир күндүк түйшүгү тартылган. Таң аткандан күн батканга чейин жаны тынбаган Айнагүл менен анын үй-бүлөсүнүн жайлоодогу түйшүгү тууралуу маркум кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев менен операторубуз Бексултан Абибакир уулу быйыл жайында тартып келишкен. (Директтен видео)

- Талибан менен коңшулаш жашоо. Умари Хайём кыштагы Ооганстан менен чектешкен Фархор районунда жайгашкан. Күүгүм киргенде көчөдөгү жана короодогу жарыктар күйбөйт, жашоочулар терезелерин парда менен жаап алышат. (Тажикстандан видео)

- Астанада «Алтын алка» медалынын ээлери бири-бирине WhatsApp аркылуу материалдык колдоо көрсөтүшүүдө. (Казакстандан видео)​

- Кымбат жана сапатсыз. Павлодарлыктар көмүргө нааразы. (Казакстандан видео)

- «Адам ден соолугун жоготпостон бир айда 3 500 рублга жашай албайт. (Настоящее время)

- Азов жана Кара деңиздердеги жаңжал: каршылашуунун тарыхы. (видео Директ)

- Петербургдагы Кадыров көпүрөсүнө «Ингушетияга таандык» деген баннер илинди. Акцияны Чеченстан менен Ингушетия ортосундагы жер талаштан кийин «Весна» аттуу арт-группа өткөрдү. (Настоящее время)​

- ЕБ Түркмөнстанда өз өкүлчүлүгүн ачат. (видео)

- Жаңы конуштардын жарыбаган турмушу. (сүрөт баян)

- Игорь Сечиндин мурдагы аялы кантип байыган? (видео Директ)

- Шинжаң лагерлеринин хроникасы. (материалдар топтому)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG