Ссылки доступа

Өзбекстандын бардык аймактарында аскердик машыгуулар башталды


26-ноябрда Өзбекстандын Коргоо министрлиги алгачкы жолу өлкөнүн бардык аймактарында ири аскердик машыгууларды баштады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги мекеменин өкүлүнө шилтеме кылып жазды.

Маалыматка караганда, машыгуулар беш күнгө созулат. Анда Коргоо министрлигинин борбордук аппараты жогорку деңгээлдеги аскердик даярдыкта армияны башкарууга канчалык даяр экендиги аныкталат.

Өткөн жума соңунда Өзбекстан дүйшөмбү күнү Куралдуу күчтөрүнүн даярдыгын текшере тургандыгын Кыргызстанга кабарлаган.

Эл аралык Global Firepower уюму тарабынан түзүлгөн дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын рейтингинде Өзбекстан быйыл 39-сапка жазылган. Былтыр өлкө 48-орунда болчу.

XS
SM
MD
LG