"Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, Дашогуз облусунда үй-бүлөдөгү киши санына карата 8-12 килодон гана ун сатылууда.
Лебап менен Мары облусунда да абал ушундай, бирок ченем 10 килограммдан ашпайт.
Буга чейин киши башына 4-5 килограммдан ун сатылып келген.
Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрүндө жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ундун бир килограммы 2 манат (Түркмөнстандын Борбордук банкынын курсу боюнча $1 - 3.5 манат) турат. Жеке дүкөндөрдө Казакстан жана Орусиядан келген ун сатылат жана баасы он эсе жогору.
Түркмөнстан калкы ун жана нан тартыштыгына 2017-жылы декабрда дуушар болгон. Ошондон бери абал оор. Ун аз болгондуктан, эл узун кезекке туруп, талашып-тартышкан учурлар арбын кездешүүдө. "Азаттыктын" түркмөн кызматынын билдиришинче, айрым учурда дүкөн кызматкерлери кардарлардан паспорт көрсөтүүнү талап кылат.