Ссылки доступа

Беларус бийлиги сакалчан тажик футболчусун абактан бошотту


Беларус бийлиги "Хайр" футбол командасынын мурдагы оюнчусу Парвиз Турсуновду камактан бошотту. Футболчу 18-сентябрда Украинадан чыгып, Минск аркылуу үй-бүлөсү менен Европага баратканда кармалган.

"Белорус бийлиги КМШ алкагында кол коюлган мамлекеттер аралык келишимдин негизинде иш алып барды. Минскке келгенде Шериктештик аймагында издөөдө экенимен кабарым жок болчу. Мага Интерпол издөө салбаганын билгем. Эмнеге Беларуссия мени Тажикстанга өткөрүп берген жок? Экстрадиция үчүн юридикалык жетиштүү негиз болбогонун айтышты", - деди Турсунов.

Тажик футболчусу Минсктеги абакта жатып, качкын макамын берүүнү сураган. Бирок жакында бул өтүнүчүнөн баш тартып, Украинадан башпаанек суроого ниеттенүүдө.

​Парвиз Турсунов абакта ага кыйноолор көрсөтүлбөгөнүн билдирди:

– Жалгыз маселе менин сакалым болду. Абакта аны алууну сурашты. Бирок менен болгону тегиздеп, кыскартып койдум.

43 жаштагы Турсунов "Хайр" футбол командасынын алдынкы оюнчуларынын бири болгон. 2011-жылы ал сакалы үчүн оюндан четтетилген. Ошондон бери ал үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмиратында жана Түркияда жашаган жана Европадан башпаанек суроого ниеттенип жүргөн.

Парвиз Турсунов "Хайр" футбол командасынын алдынкы оюнчусу болгон
Парвиз Турсунов "Хайр" футбол командасынын алдынкы оюнчусу болгон

Оюндан четтетилген футболчу анда эч качан сакалын албай турганын айткан.

​Парвиз тыюу салынган "Салафия" кыймылына тиешеси бар делинип, эл аралык издөөдөгү кишилердин тимзесинде экени айтылган. 2016-жылы ноябрда тажик бийлиги аны “экстремисттик топтун ишмердүүлүгүн уюштурууга” айыптаган.

Октябрда Human Rights Watch уюму, Хельсинки комитети жана Борбор Азиядагы мигранттар ассоциациясы беларус бийлигин Турсуновду Тажикстанга өткөрүп бербөөгө чакырган. Укук коргоочулар эгер сакалчан футболчу мекенине кайтса, кыйноолорго кабылышы ыктымал деп кооптонушкан.

Тажикстанда Жогорку соттун 2009-жылдагы чечими менен “Салафия” диний агымына тыюу салынган, 2014-жылдан тарта ал өлкөдө экстремисттик уюм деп таанылган.

XS
SM
MD
LG