Ссылки доступа

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өтүүдө


Астанада Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн 11-айлампасы башталды. Анын алгачкы күнү делегация мүчөлөрүнүн жолугушуусу жабык режимде өттү.

Сүйлөшүүлөргө кепил өлкөлөрдүн (Орусия, Түркия жана Иран) делегациялары, Сириянын куралдуу оппозициясы менен өкмөтүнүн өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура катышууда.

Бүгүн сүйлөшүүлөрдүн 11-айлампасынын алкагында Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Сириянын өкмөттүк делегациясынын башчысы Башар аль-Жаафари менен, андан кийин Сириянын куралдуу оппозициясынын делегациясын жетектеп келген Ахмед аль-Тома менен жолукту.

«Жолугушуунун жүрүшүндө сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби, Идлибдеги абал, Сириядагы узакка созулуп кеткен жаңжалды биротоло токтотуунун келечеги, ошондой эле Сирия боюнча Конституциялык комитеттин курамын тез арада бекитүү маселелери талкууланды», — деп билдирди казак ТИМи.

XS
SM
MD
LG