Алардын айтымында, 27-ноябрь түнчүндө жол коопсуздук инспекторлору кичи автобусу менен бараткан Бахром Асадуллаевдин токтошун талап кылышкан. Бирок ал инспектордун талабына баш ийбегендиктен, алар айдоочуну кууп барып, өлөрчө сабап, андан кийин ооруканага жеткиришкен.
- Агамдын эмне себептен токтобой койгонун билбейм. Бирок ал таптакыр ичкилик иччү эмес. Окуянын күбөлөрү инспекторлор агамды кууп барып, сабап, андан кийин милиция бөлүмүнө алыр барышканын айтышты. ... Ал өтө катуу сабалгандыктан ооруканага жеткирилгенге чейин эле каза болуп калган, - деди маркумдун иниси Жамолиддин Асадуллаев.
Ооруканадагы алгачкы медициналык текшерүү Асадуллаев жүрөгү кармап өлгөн деген корутунду чыгарган. Бирок эртеси маркумдун туугандары анын денесиндеги көк-ала тактарды көрүп, кайрадан экспертиза өткөрүүнү талап кылышкан. Азырынча экинчи экспертизанын жыйынтыктары белгисиз.
Райондук жол коопсуздук кызматынан учурда мекеменин аталган эки кызматкерине карата кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдиришти.