Ссылки доступа

Өзбекстанда $1,8 млн. пара менен кармалган мурдагы облус башчысынын иши сотко өттү


Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Самарканд облусунун мурдагы башчысы Туробжон Жураев менен анын шериктерине каршы козголгон кылмыш ишин Ташкент облустук сотуна жөнөттү. Бул тууралуу Жураевге жакын булактар кабарлашты.

Алардын айтымдарында, кийинки жумада бул иш боюнча сот жараяны башталат. Анда мамлекеттик сырларга байланышкан маалыматтар болгондуктан, отурум жабык өтөт.

Бул иш боюнча айыпталуучу катары Самарканд облустук акимчилигинин төрт кызмат адамы өтүүдө. Алар мамлекеттик мүлктү уурдоо, кызмат абалын кыянат пайдалануу жана пара алуу беренелери боюнча айыпталышууда. Кылмыш иштин материалдарына ылайык, алар 2017-2018-жылдар аралыгында 2 миллион доллардан ашык өлчөмдө пара алып, кызмат абалын кыянат пайдаланып келишкен.

Кылмыш ишинин материалдарында Самарканд облусунун башчысы, Олий Мажлистин сенатору Туробжон Жураев $1 850 000 өлчөмүндө пара алганы, алар далил катары анын сейфинде табылганы жазылган.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы бул кылмыш иши сотко өткөнү тууралуу маалыматты ырастаган жок.

XS
SM
MD
LG