Бул Эл аралык космос станциясынын октябрдагы авариядан кийинки алгачкы ракета учурушу. Кеменин ичинде «Роскосмостун» космонавты Олег Кононенко, NASA астронавты Энн Макклейн жана Канаданын космос агенттигинин астронавты Давид Сен-Жак бар.
Ракета Астана убактысы менен саат 17:40та учту. «Роскосмос» «Союз МС-11» кемеси ракета алып жүрүүчүнүн үчүнчү тепкичинен ийгиликтүү ажырап, автономдук учуусун улантканын билдирди.
11-октябрда ракета ташуучу «Союз МС-10» космос кемесин орбитага жеткире албай калган. Бортундагы космонавт Алексей Овчинин жана америкалык астронавт Ник Хейг куткаруучу капсула менен Жерге аман-эсен конушкан. Авариянын себептери иликтенгиче эл аралык космос станциясына адамдарды учуруу убактылуу токтотулган.