“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, коммуналдык кызматкерлер жолбун иттерди алгач жыгач жана темир союлдар менен сабап, андан соң кармап кетүүдө.
Түркмөнстанда мамлекеттик майрамдардын же коомдук-саясий маанилүү иш-чаралардын алдында жолбун иттерге аңчылык кылуу өнөктүгү күч алат.
Кармалган иттердин андан аркы тагдыры белгисиз. Шаар бийлиги бул боюнча комментарий бербейт. Жаныбарлар укугун коргоочулардын айтымында, кармалган ит-мышыктарды өлтүрүп коюшат.